21:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Улуттук илимдер академиясы Конституциядагы ката алардын күнөөсү эместигин айтат

Улуттук илимдер академиясы Конституциядагы ката алардын күнөөсү эместигин айтууда.

Алардын билдирүүсүндө, Илимдер академися эч качан конституцияны басып чыгарган эмес.

«Конституцияны басып чыгарган «Академия» деген басмакананын бизге тиешеси жок. Ал менчик ишкана болуп саналат», —деп айтылат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев парламенттин отурумунда Конституцияда гимн ката менен басылгандыгын маалымдаган.

«Гимндин текстинде «өркүндөй» бер дегендин ордуна «үркүндөй» бер деп жазылып турат. Буга ким жооп берет» — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар