18:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар ипотекалык насыя алып баштады

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар ипотекалык насыя алып баштады. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компания» АККсы маалымдайт.

14-сентябрга карата «Айыл Банктын» аймактагы бөлүмдөрү 300 миң сом ипотекалык насыя берген. Аны Сузак районунун Кызыл-Туу айылынында жашаган төрт үй-бүлө жана Чоң-Алай районундагы Жекенди айылындагы бир үй-бүлө алган.

Маалыматка караганда, үйдүн пайдубалынан баштап курууга 300 миң сом насыя 7 жылга, бузулган үйдү оңдоого 200 миң сом 5 жылга берилет. Алдын-ала төлөм талап кылынбайт. 7 пайыздык жылдык нарк менен берилүүдө.

Чоң-Алай районунда 642 үй-бүлө, Сузакта 462и, Өзгөнжө 933 үй-бүлө турак жайга муктаж.

Эң көп окулган жаңылыктар