Чүй жана Бишкектеги 500дөн ашык үй-бүлө финансалык жардам алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому билдирет.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер, көп балалуу үй-бүлөлөргө 2 миң 355 сомдон таркатылат.
Кызыл жарым ай коомунун кайрымдуулук акциясын Катардын Qatar Charity фонду колдоого алды.