20:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өмүрбек Текебаевдин кызына атасы менен жолугушууга уруксат берилди

Жемкорлук беренеси менен соттолгон Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин кызына атасы менен жолугушууга уруксат берилди.  Бишкек шаардык сотунун чечими менен Ай-Данек атасы менен 15-сентябрда жолугушат. 

Ай-Данек Текебаева социалдык түйүн аркылуу Бишкек шаардык сотуна кайрылып, жекшемби күнү Кытайга окууга учуп кетерин айтып, атасы менен жолугушууга уруксат берүүсүн суранган.

Кызынан сырткары, жубайын Айгүл Текебаевага дагы абакка келип, учурашууга макулдук берилди. 

Өмүрбек Текебаев УКМКнын абагында кармалууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар