11:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Текебаев менен Чотоновго үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилбей жатат

Текебаев менен Чотоновго үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Айгүл Текебаева билдирди. Бул маалыматты Дүйшөн Чотоновдун аялы Чынара дагы ырастады.

Алардын айтымында, эки аптадан бери жубайлары менен жолугуша албай жатышат.

Шаардык соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиев жолугушууга уруксат берген. Бирок, ага шаардык соттун башчысы Ирина Воронцова кол кое элек. Ансын УКМКнын абагына киргизбей жатышат

Эскерте кетсек, Текебаев менен Чотонов жемкорлук боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Учурда шаардык сотто Биринчи май райондук сотунун чечимине даттануу каралууда.