04:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жаңы «нике» сүйүүдөн курулабы? Жаңы президент депутаттар менен тил табыша алабы?

Президенттик шайлоого бир ай убакыт калды. Жогорку саясый кызматка 13 талапкер ат салышары белгилүү. Бирок, серепчилердин баамдоосунда төрт талапкерлердин ортосунда кармаш катуу болот. Алар — Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев. Булардын премьер-министр болуп иштөө тажрыйбасы бар.

«24.kg» маалымат агентиги төрт талапкердин Жогорку Кеңеш менен мамилесине сереп салды.

Негизинен өкмөт башчыларына парламенттин колдоосуна ээ болуусу оңой иш эмес. Мисалы, Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов депутаттардын талабынан кийин отставкага кетүүгө аргасыз болушкан.

Акыркы өкмөт башчыларынын ичинен Сооронбай Жээнбеков гана депутаттар менен урушпай-талашпай кызмат орду менен коштошту. Ал тынч гана кетмек түгүл күчтүү административдик ресурсты дагы мыкчый жөнөдү.

Темир Сариев

Өмүрбек Бабанов

«Республика – Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго саясаттагы өнөктөштөрү менен тил табышуу дайым кыйын болчу. Мисалы, Өмүрбек Текебаевдин көмөгү менен ал премьерлик ордун жоготкон. «Ата-Мекендин» лидери Бабанов түрк ишкеринен белекке алган аргымакты элге алып чыккан. 

Бул чырдуу аргымак акыры Бабановдун өкмөтүн тепкилеп чыкты. 

Сооронбай Жээнбеков

Мурдакы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков чоң саясатка 2010-жылдын апрель айында кайтып келип, Ош облусун жетектейт. 2010-жылдагы Ош коогалаңы анын губернаторлук кезине туш келет. 

Бул кызматта ал 5 жыл иштеп,2015-жылдын октябрь айында Мамлекеттик кадр кызматын жетектеди. Кийинки жылдын апрелинде өкмөт башчылыгына келди. 2017-жылы айрымдар Жээнбековдун отставкасын божомолдошкон. Бирок, ал каршылаштарынын тилегин таш каптырып, 15-июлда КСДПнын партиясынын атынан президентикке аттанмай болду. 

Бакыт Торобаев

Бакыт Төрөбаевдин шайлоодогу атаандаштарына караганда саясый тажрыйбасы аз. Ал 2007-жылга чейин ишкерлик менен алектенип, көпчүлүккө таанымал эмес эле. Анын «ун ханы» деген да аты бар. Жалал-Абаддагы эң ири ун комбинатына ээ. 

2007-жылы Бакыт Төрөбаев «Ак Жол» партиясынын тизмесинде парламентке депутаттыкка келет. 2009-жылы ал ӨКМге жетекчи болуп дайындалат. 2010-жылы кызматтан кеткенден кийин Өмүрбек Бабановдун партиясына кирет. 

Алтынчы чакырылыш мөөнөтүнүн аягына чейин иштейби?

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Эки тур болот деген божомолдор да бар. Андай боло турган болсо, жаңы президенттин ысмы кышка жакын белгилүү болот.

Жаңы президент келиши менен саясый жашоодо дагы көп өзгөрүүлөр болору бышык. Эң маанилүүсү — өлкө башчысы Жогорку Кеңеш менен иштеше алабы, же алтынчы чакырылыш мөөнөтүнөн мурда таркап кетеби? Анткени тарых көрсөткөндөй мамлекет башчысы өзүнө ыңгайлуу «кол бала» парламентти түзүүгө аракет жасашы да мүмкүн.

Профессор Зайнидин Курмановдун айтымында, кийинки саясый жашоо мамлекет башчысынын калоолоруна жана балуулуктарына байланыштуу болот.

«Азыркы төрт талапкердин ичинен эң эле ийкемдүүсү Өмүрбек Бабанов. Бирок, мен жаңы президент парламент менен иштешип кетет деп ойлойм. Анткени азыркы депутаттык корпус өтө эле жумшак. Андыктан президентке каршылык көрсөтө албайт», — деп эсептейт Зайнидин Курманов.

Анын пикиринде, депутаттар кызмат ордун сактап калуу үчүн жаңы президенттин саясый көз-карашына карабай тил табышууга аракет кылат.

Политолог Замирбек Биймурзаев дагы президент депутаттык топ менен келишет деген пикирде.

«Эгер Жээнбеков президент болсо бул чакырылыш өз мөөнөтүн аягына чейин иштейт. Анүстүнө парламент дагы өлкө башчысы менен чатака барбайт. Сапар Исаковду премьер-министрликке дайындоодо бул парламентте позициясын бекем кармаган депутаттар жок экендигин көрсөттү. Андыктан бул чакырылыш менен сүйлөшүп алуу кыйын эмес», — деп белгиледи Замирбек Биймурзаев.

— Бирок, Жээнбековдун эске албаганда талапкерлер учурунда парламент менен чатакташкан.

— Туура, бирок алар анда президент эмес болчу. Бабанов менен Сариев чыр менен отставкага кетишкен. Анда алар өкмөт башчысы катары депутаттарга таасир бере ала турган күч эмес болчу. Андыктан, жаңы президент оңой эле парламенттин тилин табат.

Бул талдоочулардын пикири. Жогорку Кеңеш канчалык «жогор жактын» буйругун так аткарып, ийилип турат аны убакыт көрсөтөт. Мында жаңы президенттин алтынчы чакырылышты таркатууга толук мүмкүнчүлүгү бар экени гана так белгилүү.

Тарыхта дагы мындай окуялар болгон. Аскар Акаев «Кумтөр» боюнча макулдаша албай «легендарлуу» парламентти таркатса, Курманбек Бакиев дагы бир чакырылышты өзүнүн «акжолчуларына» алмаштырган.

Эң көп окулган жаңылыктар