13:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Текебаевдин соту. Азимбек Бекназаров кайра көрсөтмө берет

Бишкек шаардык сотто Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдакы жетекчиси Дүйшөн Чотоновго Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө карата арызды кароо уланууда.

Айыпталуучунун жактоочулары Азимбек Бекназаровду кайра чакырып, суроону сунуштады.

Эскерте кетсек, Азимбек Бекназаровго УКМК Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген айыбы менен кылмыш ишин козгогон.

Андан тышкары, Эльмира Ибраимова, Болот Шер жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер дагы кайра чакырылат.

Жактоочу Чыныра Жакупбекованын айтымында, Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен жыйындын протоколдорунда карама-каршылыктар бар.

Текебаев менен Чотоновго жемкорлук айыбы тагылып, Биринчи май райондук соту аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар