16:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Атамбаев: Ызы-чуу салууну каалагандарды басууга 1-декабрга чейин күчүм жетет

«Өлкөнү дүрбөлөңгө түшүрүүнү каалагандарды басууга 1-декабрга чейин күчүм жетет», - деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкек шаарындагы жылуулук станциясынын оңдоп, жаңылоодон кийинки ачылуу аземинде сүйлөп жатып.

Президент алты жыл ичинде өлкөдө туруктуулук орноп, чек ара жана ички чатактар тынчыгандыгын билдирди.

«Ызы-чуу сала тургандарды катуу жазалайбыз. Мен оппозицияда жүргөндө  дагы кудайдан башка эч нерседен коркпойт элем. Эми башаламандык мизин кайтарууга күч жетет», - деди ал. 

Эң көп окулган жаңылыктар