05:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте экстремисттерди колго түшүрүү аракети көрүлүүдө

Алардын маалыматында, кааладагы 5-кичирайон курчоого алынып, эртеден бери милиция кызматкерлери жүрөт. Маалыматты шаардык ИИБсынан дагы ырастап, Ауэзов көчөсүндө шектүү кишилерди кармоо иши жүрүп жатканын билдирди.

«Түнү темир жол тарапта жол кайгуул кызматы «Ниссан» үлгүсүндөгу автоуунаны токтоткон. Ичинде төрт киши бар болчу. Документтери милиция берген бойдон, текшерүүнүн аягына чейин күтпөй качып кетишкен» — дейт ИИБ.

S 8191 AG мамлекеттик номурлуу унааны «Көк-Жар» кичирайонунан табышкан. Ичинен экстремисттик маанайдагы китептер алынып, бирок, эч кандай жардыруучу заттар табылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума