16:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Индияда сот талак менен ажырашууга тыюу салды

Индиянын Жогорку Соту талак берип ажырашууга тыюу салды. Бул тууралуу BBC маалымдайт.

Индияда акыркы жылы активисттер талак менен ажырашууга каршы акцияларды уюштуруп келишкен. Бул өлкөнүн мусулмандары  башка өлкөлөрдүн ислам динин тутунган жарандарындай эле үч жолу талак жарыялоо менен үй-бүлөсүн буза алышат. 

Активисттердин айтымында, талак аялдардын укугун бузуп, эркектерге жоопкерчиликтен качуугажол ачат. 

Бир нече аялдардын кайрылуусунан кийин Жогорку сот талакка бөгөт койду. 

Эң көп окулган жаңылыктар