13:51
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Обаманын твити тарыхтагы эң популярдуу болуп калды

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын Шарлоттсвиллдеги окуя боюнча комментарийи Твиттердин тарыхындагы эң популярдуу твит болуп калды.
Анда Обама Нельсон Манделанын «Эч ким башка адамды терисинин түсү, теги же динине карап жек көрүү менен төрөлбөйт»  -деген цитатасын жазган. Сүрөт менен коштолгон твит 12-августтан бери үч миллиондой лайк алды.
12-августта Виржиниядагы Шарлоттсвилл шаарчасында ак расанын үстөмдүгүн жактагандар, неонацисттер менен ку клукс кландын мүчөлөрү жүрүшкө чыгышкан. Солчул активисттер аларга тоскоол кылууга аракеттенгенде ортодо кагылышуу тутанган. Жеңил машина чогулгандарды сүзүп бир аял каза тапты. Андан тышкары полициячылардын тик учагы кулаганда эки киши набыт кеткен.

АКШ президенти Дональд Трамп алгач «бир канча тараптан жасалган» зомбулукту айыптап, анын бул айткандары сынга кабылган. Ошол эле маалда Трамп оңчулдардын акциясы жергиликтүү бийлик менен макулдашылганын, ал эми алардын каршылаштарында уруксат болбогонун жана өздөрүн агрессивдүү алып жүргөндүктөрүн белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар