16:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто троллейбустар бүгүн кайра жолго чыкты

Ош шаарында троллейбустар бүгүн кайра жолго чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агентигине кааланын мэриясынан билдиришти.

Мэриянын маалыматында, атайын комиссия түзүлүп, айдоочулардын талаптарын карап чыгат.

Эскерте кетсек, кечээ эртең менен шаардагы троллейбустардын айдоочулары жумушка чыккан эмес. Алар ар бир каттамдан төлөнө турган акынын 50 сомго кымбатташына каршы чыгышкан. Айдоочулардын айтымында, жайкы сезондо студенттер жок, жүргүнчүлөрдүн саны аз. Андыктан ар бир рейстен 250-300 сом бере алышпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар