03:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Орусия Кыргызстанга эки Ан-26 учагын берет

 Орусия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө Ан-26 үлгүсүндөгү эки аскер учагын берет. Транспорт тапшыруу аземи 10-августта орусиялык "Кант"авиабазасында өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, учактар Орусия убада кылган 1 млрд долларга бааланган аскердик-техникалык жардамдын алкагында берилүүдө. Башкы штаб аба транспортторунун наркын айткан жок.

РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча буга чейин Орусия өлкөгө бронетанк техникаларын, артиллериялык системаларды жана ок-дарыларды жөнөткөн.

Ан-26 –советтик аскер-техникалык учак. Жүк ташууга ыңгайлуу.

Эң көп окулган жаңылыктар