17:01
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы БШКга «24.kg» маалымат агентигине арызданды

Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы «24.kg» маалымат агентигине арызданып, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Арыз ыйгарымдуу өкүлү Эрик Ирискулбековдун атынан берилген. 

Ал президентикке дагы бир талапкер Турсунбек Акундун сөзүн четке кагат. 

Эскерте кетсек, Турсунбек Акун «Азаттык» радиосуна анын штабына 2-3 бала келип, Өмүрбек Бабановдун кишилери аларга акча сунуштап жатканын маалымдаган.

«Алар Өмүрбек Бабановго кол топтоону сунушташты. Ар бирибизге миң сомдон берип, короого спорт аянтчасын куруп беребиз дешти. Эмнеге силер акча бербейсиңер деди» - деп билдирген Турсунбек Акун.

Эрик Ирискулбеков БШКдан маалымат агентигин шайлоого өнөктөгүнө катышуудан чыгарып салууну суранат.  Буга чейин Бабановдун штабы телеканалдын аккредитациясын алып салуу сунушу менен кайрылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби