Жогорку Кеңештин депутаттары 21-августта кезексиз жыйын өткөрөт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Анын айтымында, парламент жаңы премьер-министрди дайындап, өкмөттүн курамын бекитет.
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйында сентябрга чейин жаңы өкмөттүн курамы бекитилерин айткан.
Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу БШКга талапкер кылып каттагандан кийин кызматын тапшырат.