06:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Текебаевдин соту. Камчыбек Ташиев менен Исмаил Исаков көрсөтмө берип жатат

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев жана мурдакы Коргоо министри Исмаил Исаков көрсөтмө берип жатат.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, 21-декабрда Өмүрбек Текебаев иш бөлмөсүндө болгон эмес.

«Биздин иш бөлмөбүз жакын жайгашкан. Мен Текебаевге ал күнү бир нече жолу телефон чалып, жардамчымды да жөнөткөнмүн. Ал ал күнү ишке келген жок», — деди Камчыбек Ташиев.

Эскерте кетсек, россиялык ишкер Леонид Маевский жана Алексей Модиндин айтымында, алар 2010-жылдын 21-декабрында Бишкекте Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүндө жолугушкан. Текебаев убаданы аткарбагандыктан, алар берген бир миллион долларын кайтарууну талап кылышкан.

Дагы бир күбө -Исмаил Исаков. Ал 13-май күнү убактылуу өкмөттүн жыйыны өтүп, Өмүрбек Текебаев анда эл көзүндө болгондугун билдирди ырастады.

Буга чейин, Өмүрбек Текебаевдин сотунда убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн — мурдакы президент Роза Отунбаева, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов, Ысык-Көл облусунун мурдакы губернатору Эмил Каптагаев, Темир Сариев, Элмира Ибраимова көрсөтмө берген. Андан сырткары, президенттин мурдакы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев, мурдакы Башкы прокурор Аида Салянова, 2010-жылы Өмүрбек Текебаевдин жардамчы болгон Жоомарт Сапарбаев сотто Леонид Маевскийдин «Ата-Мекен» лидери менен жолуккан күндөрүн четке кагышкан. Россиялык ишкер Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов менен жолугушуу Бишкекте 2010-жылдын 13-майында «Супара» этнокомплексинде, 21-декабрда иш бөлмөсүндө өткөндүгүн айткан. Айыптоочу тараптын күбөсү Өмүрбек Абдырахманов Текебаевдин иш бөлмөсүндө россиялык ишкерлерди көргөндүгүн ырастаган.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар