05:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Текебаевдин соту. 13-майда Текебаевди Аида Салянова дагы көргөн

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова дагы 13-майда Өмүрбек Текебаевди көргөн. Бул тууралуу ал бүгүн Биринчи май райондук сотунда билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев Венециялык комиссиянын мүчөсү катары жыйынга катышкан. Арада шашылыш убактылуу өкмөттүн отурумуна жөнөп кетип, кийин Конституциялык кеңешменин жыйынында олтурган.

Текебаевди айыптап жаткан Леонид Маевскийдин билдирүүсүндө, ал «Ата-Мекен» партиясынын лидери менен 13-майда, андан кийин 21-декабрда бөлмөсүндө жолуккан.

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов 21-декабрь күнү Өмүрбек Текебаев иш бөлмөсүнө келбегендигин ырастады.

«22-декабрь Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү. Ал туулган күнүн белгилебейт. Куттуктоолорду кабыл алууну да жактырбайт. Андыктан биз бир күн эрте куттуктап коелу деп, иш бөлмөсүнө кайра-кайра кайрылганбыз» — деди Сайдулла Нышанов.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаевдин сотунда бүгүн мурдакы президент Роза Отунбаева, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов, Ысык-Көл облусунун мурдакы губернатору Эмил Каптагаев, президенттин мурдакы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев келип көрсөтмө беришти.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар