11:56
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Текебаевдин соту. Отунбаева менен Кулов Маевскийдин сөзүн жокко чыгарышты

Мурдакы президент Роза Отунбаева 2010-жылдын 13-майында Текебаев ким менен кайда болгондугун айтып берди. Бул тууралуу ал бүгүн Биринчи май райондук сотунда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Текебаев менен жолугушканын айткан.

Роза Отунбаева ал кезде Жалал-Абадда кырдаал күчөп, эртең мененки 8.00 убактылуу өкмөт мүчөлөрү жыйын өткөргөнүн маалымдады. Ага Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов дагы катышкан. 

«Ошол эле күнү конституциялык кеңештин жыйыны дагы болмок. Аны Текебаев жетектемек. Андан сырткары, 13-майда биз аянтта болуп, 7-апрелде курман болгондордун кыркына карата куран окуганбыз. Чотонов ошол күнү түштүк боюнча координатор болуп дайындалган» -деди Роза Отунбаева.

Ал Өмүрбек Текебаев убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары конституциялык реформага жооп берип, экономикалык суроолорду Алмазбек Атамбаев жетектегенин кошумчалады. 

Мурдакы президенттин сөзүн Данияр Нарымбаев дагы ырастады. Анын айтымында, 13-майда Текебаев кечки 18.00дөн 21.00гө чейин конституциялык кеңешменин ишин алып барган.

Сотто Феликс Кулов дагы көрсөтмө берип, ал Леонид Маевский Текебаев менен жолуктум деген дагы бир күндү жокко чыгарды.  «Ар-Намыс» партиясынын лидеринин билдирүүсүндө, 21-декабрь күнү «Ата-Мекендин» жетекчиси жумуш ордунда болгон эмес.

«Анын зарыл иштери чыгып жумушта болгон жок. Анткени мен телефон чалып, жардамчыларды жөнөтүп да байланыша алган эмесмин. Андыктан Текебаев ал күнү кабинетинде эч ким кабыл алган эмес» - деди ал.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар