01:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Оштун 83 жаштагы тургуну аялын бычактап өлтүрдү

Оштун 83 жаштагы тургуну аялын бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы билдирет.

ИИБнын маалыматында, 1938-жылы туулган Арзыкан Мурзаева Жапалак аймагынын көчөлөрүнүн биринде канга боелуп жаткан жеринен табылды. Анын мойнуна бычак сайылгандыгы аныкталды. 79 жаштагы апа кан көп жоготуп, каза тапты.

Милиция кылмышка шектүү Ташболот Мурзаевди кармашты. Ал мас абалында аялы менен уруша кетип, бычак шилтегенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар