01:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бостеридеги жарандын өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды

Бостериде 23 жаштагы Талас облусунун тургунунун өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар 48 саатка камакка алынды. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралат.

Эске салсак, буга чейин бул иш боюнча кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен дагы үч милиция кызматкери кармалган. Райондук сот аларды эки айга камакка алган.

6-августта Бостериде «Золотые пески» пляжында эс алып жүргөн 23 жаштагы жаран каза болгон. Дорстору аны топ балдар сабап кеткендигин айтышкан. Окуянын териштирилишин президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алган.

Эң көп окулган жаңылыктар