03:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Дүлөйлөргө машина айдоого уруксат берүү сунушталууда

Дүлөйлөргө машина айдоого уруксат берүү сунушталууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Министрликтин маалыматында, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов дүлөйлөргө айдоочулук күбөлүк берүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу кеңешин жөнөткөн. 

Депутаттын айтымында, угуу сезими майып адамдарга машина айдоого мыйзам тыюу салбайт. 

«Бирок, алар айдоочулук күбөлүктү оңой ала алышпайт. Айрыкча алар отоларингологдон өтүшү керек болот. Дүйнөдө дүлөйлөр кенен эле айдап журүшөт», — дейт депутат.

Дастан Бекешов статискалык маалыматтарга таянып, дүлөйлөр жол кырсыгына аз кезигерин маалымдайт. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума