Жогорку Нарын ГЭСин Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы курат. Алар курулушка 400 миллион доллар сарптоого даяр. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн келишимге кол коюлган. Ага президент Алмазбек Атамбаев дагы катышкан.
«Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы он чакан ГЭСти куруу тендерин утуп алган. Алар Акбулун, Нарын ГЭС-1, Жогорку Нарын каскадын да ишке киргизет.
Андан сырткары, «Орто-Токой-1», «Орто-Токой-2», «Папан», «Чоң-Аксуу», «Киров», «Кара_Суу сол жээк — 1», «Кара- Суу сол — 2» 2019-жылдын 30-декабрына чейин бүткөрүлөт. «Сандык-1», «Сандык-2» жана «Сандык-3» 2020-жылда ишке берилиши каралды.
Чех компаниясы «Жогорку Нарын ГЭС» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына 37 миллион доллар кошуп, Россиянын 50 пайыздык акциясына ээ болот. Курулуштун биринчи этабына 230 доллар талап кылынары айтылууда.