14:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Журналист «Кыргыздар мусулман эмес» китеби үчүн соттолуп жатат

Кыргыз журналистти Зулпукар Сапановго каршы сот иши башталды. Башкы прокуратура ага диний кастыкты күчөтүү айыбы менен кылмыш ишин козгогон. Иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Зулпукар Сапанов «Кыргыздар мусулман эмес» деген китеп жазган. Анда журналист кыргыздын тарыхына кайрылып, исламга кийин гана кайрылганын баяндайт. Куран, Библия жана башка ыйык китептерден ой-толгоолор жазылып, «диниятчылар кыргызга исламды таңуулап жаткан жокпу?» деген суроо коют. Бул китеп диниятчыларга жага бербей, алар укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар