22:01
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

ИИМ Ысык-Көлдө милиция кызматкерлеринин санын көбөйтөт

Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусундагы коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн кызматкерлердин санын көбөйтөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматта, күнүнө 3 миң милиция жана 800 ыктыярчылар иш алып барып жатканы айтылат.

Буга чейин Бостериде атайын штаб түзүлүп, күнү-түнү арыз жана кайрылууларды кабыл алары кабарланган.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгы катталып, анда жабыркаган милиция кызматкери оорууканада көз жумду. 

Эң көп окулган жаңылыктар