20:04
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Атамбаев Россияда айдоочу болуп иштеген мигранттардын маселесин чечти

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда мигранттарга өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салган чечимин талкуулады. Бул тууралуу Азаттык радиосу кабарлайт.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев, Россиянын өкмөт башчысынан бул маселени чечип берүүнү суранган. Дмитрий Медведев ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүгү Орусиянын аймагында жарактуу болушу тууралуу тиешелүү тараптарга тапшырма бергендиги айтылат.

Эскерте кетсек, 1-июндан тарта Кыргызстандын жарандары Россиянын айдоочулук күбөлүгүн алгандан кийин гана жүргүнчү ташып иштей, же бул жааатта ишкерлик менен алектене алышат. Россия башка мамлекеттердин күбөлүгүн бул максатта жараксыз деп тапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума