19:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Памир кыргыздарынын биринчи тобу Кыргызстанга күзүндө келет

Памир кыргыздарынын паспорттору даяр болбой, Кыргызстанга келүүсү кечеңдеп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Памирде 2010-жылы 3600 кыргыз жашаса, 2016-жылы Чоң Памирде 825, Кичине Памирде 1050 калган.

Жыпара Мамбетованын айтымында, Памир кыргыздарынын көпчүлүгүндө паспорту жок. Андыктан жазында келе алышпады.

«44 кыргыз биометриялык маалыматтарын тапшырды. Күзгө келип калат деп ойлоп турабыз» — деди ал.

Жалпысынан 40 киши келсе, анын отузу алты жаштан 16 жашка чейинки балдар. Алардын арасындагы кыздар ата-энесинин коштоосунда келишет.

«Памир кыргыздары кыздарды абдан баалашат. Жалгыз эч жакка чыгарбайт. Жаман жери эрте күйөөгө берип жиберишет» — дейт Жыпара Мамбетова.

Эскерте кетсек, Памир кыргыздарына Кыргызстан бир нече жолу гуманитардык жардам жеткирген. Алар бийик тоолуу аймакта жашагандыктан, табияты катаал, жашоо шарты начар. Кыргыз өкмөтүнөн балдарын окутууга мугалим жана дарыланууга даарыгер жөнөтүүнү суранышкан. Өкмөт баарын болбосо дагы бир канчасын көчүрүп келип, жергиликтүү жашоо менен тааныштырып, балдарын окутмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар