Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер дагы экстремизм менен күрөшкө тартылган. Бул тууралуу Террорго каршы эл аралык Бишкек форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди.
Анын айтымында, миңден ашык жаштар ИИМдин демилгеси менен түзүлгөн «Интернет-тескөө" долбоорунда иш алып барышат. Алар интернеттеги ачык булактарды көзөмөлдөп, экстремисттик маанайдагы контентти аныктооого көмөктөшөт.
Эрлан Бакиев «интернет-имам» түшүнүгү кеңири жайылгандыгын маалымдады.
«Маалымат коопсуздугун камсыз кылыш үчүн интернет мамилени жөнгө салган мыйзам долбоорду иштеп чыгуу зарыл болуп турат», — деди ал.