«Акшумкар» партиясы бүгүн сьезд өткөрүп, Темир Сариевдин талапкерлигин алып чыгат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине партиядан билдиришти.
Алдардын айтымында, Темир Сариев партиядан президенттик шайлоого жалгыз талапкер.
Эскерте кетсек, 15-июнда БШК талапкерлерди каттоону баштады. Биринчилерден болуп, Назарбек Нышанов, андан кийин Өмүрбек Текебаев документтерин тапшырды. Талапкерлерди каттоо 15-августта аяктайт. 10-сентябрда үгүт иштери башталып, 15-октябрда шайлоо өтөт.
Алдын-ала божомолдор боюнча шайлоо эки турда өтүшү ыктымал.