04:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбек музыкалык театрынын гастролу башталды

Муким атындагы Өзбек музыкалык театрынын Кыргызстанга гастролу башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта өзбек өнөрпоздору Бабур атындагы драмм театрда «Жайдары келин» комедиясын көрсөткөндүгү айтылат.

Коноктор Ош шаарынан сырткары, Өзгөн, Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Жалал-Абадда болушат.

Эң көп окулган жаңылыктар