12:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Россиянын дагы бир шаарында кыргыз милициясынын өкүлчүлүгү ачылат

Россиянын дагы бир шаарында кыргыз милициясынын өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кабарлады.

Данияр Абдыкаровдун айтымында, Кемеров, же Новосибирск шаарында ачылат. Андан сырткары, ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн курамын 3–4 кишиге кеңейтүү каралып жатат.

Депутат Тынчтыкбека Шайназарова ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиевдин маянасын көтөрүүнү сунуштады.

«Анын айылыгы 300 доллар экен. Москвада бир ай кантип 300 долларга жашай алсын», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар