09:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Парламент «Дыйкан» базарынын жабылышын иликтейт

Парламент Бишкек шаарындагы «Дыйкан» базарынын жабылышын иликтейт. Бул тууралуу бүгүнкү пленардык жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Төрага депутат Рыскелди Момбековду колдоого алды.

Депутаттын айтымында, базардын жабылышынан өкмөт 179 миллион чыгым тартат.

«Базардын аймагы 5 гектар жер. Демек бул жерге бирөөнүн көзү түшүп, кандайдыр бир кызыкчылыгы бар шекилди», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар