00:10
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Рыскелди Момбеков: Өкмөт «Дыйкан» базарын күч менен тартып алды

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт «Дыйкан» базарын күч менен басып алганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн пленардык отурумда айтты.

Белгилей кетсек, депутат «Дыйкан» базары боюнча түзүлгөн парламенттик жумушчу топту жетектеген.

«Жумушчу топту жетектебей эле койсом болмок экен. Биз чечим чыгарып, өкмөткө жөнөтсөк, алар биротоло жаап салып жатат. Соттун эмес, өкмөттүн аппаратынын протоколдук чечими менен эле жаап коюшту« — деди, Рыскелди Момбеков.

Депутат базарды жабууда милиция күч колдонуп, сатуучуларды уруп-согуп кууп чыгып, бир нечесин кармап кеткенин кабарлады.

«Бул рейдерлик. Бакиевдин кезинде да мындай болгон эмес» — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар