Екатеринбургдун аба майданында эл аралык иликтөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдирет.
Маалыматта, кармалган жаран уюшулган топтун мүчөсү экендиги, ал 2016-жылы Кыргызстандан Өзбекстанга сатуу үчүн килограммдан ашык героин алып өткөнү айтылат. Ал Екатеринбургтун абагына киргизилди. Текшерүүдөн кийин Кыргызстандын жараны ага козголгон кылмыш иштин тергөөсүн улантуу үчүн Өзбекстанга жеткирилет.