07:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте түн ичинде 13 дарак кулады

Бишкекте түн ичинде 13 дарак кулады. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине борбор кааланын муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Алардын айтымында, жабыр тарткандар жок. Султан Ибраимов жана Манас проспектиси менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде турган эки автоунаа зыян тарткан.

Муниципалдык ишкананын өкүлдөрү учурда машиналар мыйзамдуу жайда тургандыгы аныкталып жаткандыгын билдиришти.

«Балким соттук териштирүү болот. Соттун чечими менен чыгымды төлөп берген учурларыбыз болгон», — дейт.

Эң көп окулган жаңылыктар