14:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев айрым саясатчыларды кузгунга теңеди

Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган салтанатта сөз сүйлөп жатып, президент Алмазбек Атамбаев, айрым саясатчыларды кузгунга теңеди.

Анын айтымында, 2016-жылы Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чатак чыккан кезде, айрым саясатчылар барып, жарандарды козгоп, чырды күчөтүүгө аракет жасаган.

Мамлекет башчысы аймакта абал тынч эмес экендигин, атүгүл суу жана жер үчүн талаш согушка барары тууралуу божомолдор айтылып жүргөнүн эскертти.

«Чек ара маселеси толук чечиле элек. Ал арада эл аралык терроризм күчөп жатат. Ага карабай, биздин айрым саясатчылар алган гранттарын акташ үчүн чек ара жана улуттар аралык чатакты козгоого даяр», — деп кошумчалап өттү.

Президенттин пикиринде, жоокерлерди ички жана тышкы коркунучтарга каршы турууга үйрөтүү зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар