21:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент Алмазбек Атамбаев: Куралдуу күчтөрдү реформалай алдык

«Куралдуу күчтөрдү реформалай алдык деп айта алам», — деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган салтанатта.

Анын айтымында, армия бир тутумга жана борбордошкон башкарууга бириктирилди.

Президент реформаларды ишке ашырууга салымы зор болгон генералдар — Бусурманкул Таабалдиев, Кубанычбек Орузбаев, Асанбек Алымкожоев, Раимберди Дуйшенбиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Темира Жумакадыровдун ысмын атап өттү.

Эскерте кетсек, бүгүн кыргыз армиясы 25 жылдыгын белгилөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар