08:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркия «Себатка» атаандаш «Маарифти» сунуштады

Түркия «Себатка» атаандаш «Маарифти» сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Түркияда иш сапар учурунда сөз болгонун парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматта, Туркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым эки өлкөнүн мамилесине терс таасир тийгизгенине токтолуп, Кыргызстандын агартуу тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик «Маариф» билим берүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну сунуштагандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, былтыры Түркия Феттуллах Гүлендин жактоочуларынын таасири Кыргызстанда күч экенин айтып, аларга тыюу салууну суранган эле. Кыргыз бийликтери Анкаранын суранычын аткаруудан баш тарткан.

Бирок, жакында Гүлен кыймылына тиешелүү мекемелердин бири болгон «Себат» эл аралык мектеби негиздөөчүлөрдүн курамы менен бирге, атын «Сапатка» өзгөрттү.

Эң көп окулган жаңылыктар