Үстүбүздөгү жылдын 24-майында Бишкек шаарында Shoro Taykūlūk Kids Run балдар жарышы өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталмакчы.
Иш-чарага 3 жаштан 14 жашка чейинки балдар катыша алат:
- 3-5 жаш — 300 м;
- 6-8 жаш — 500 м;
- 9-11 жаш — 1 км;
- 12-14 жаш — 2 км.
Жарыштын маршруту Абдумомунов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин, ал эми Эркиндик бульвары Абдумомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин созулат. Коопсуздукту туристтик милиция камсыздайт, ал эми мара сызыгында тез жардам кызматы нөөмөттө болот.
«Спорттук иш-чарага байланыштуу 24-майда саат 7:00дөн 13:00гө чейин Орозбеков көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин жол кыймылы убактылуу жабылат, ал эми Абдрахманов көчөсүндө (Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин) жол кыймылы жарым-жартылай чектелет», — деп айтылат маалыматта.

