16:08
USD 87.45
EUR 101.81
RUB 1.20

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Бишкекте Кения жана Палестина менен ойнойт

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бишкекте ФИФАнын июнь айындагы күндөрүнүн алкагында өтө турган «Үч улуттун кубогу» эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Кыргыз футбол биримдиги
Фото Кыргыз футбол биримдиги. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Бишкекте Кения жана Палестина менен ойнойт

Роберт Просинечкинин шакирттери Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо эки беттеш өткөрүшөт:

  • 3-июнда Кыргызстандын курама командасы Кениянын улуттук курамасы менен кездешет.
  • 9-июнда — Палестина курамасы менен ойнойт.

Эки оюн тең саат 18:30да башталат.

Бул эл аралык турнир улуттук курама команданын 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдануусундагы негизги этаптардын бири болору белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар