23-26-май күндөрү Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренасында көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 21-жолу юниорлор арасында жана 17-жолу сениорлор арасында уюштурулуп, ага Азиянын бир катар өлкөлөрүнөн мыкты спортсмендер катышат.
Чемпионатка 19 өлкөдөн 200гө жакын гимнаст катышат. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Монголия, Малайзия, Сингапур, Филиппин, Лаос, Тажикстан жана башка мамлекеттер бар.
Эскерте кетсек, бул мелдештин өзгөчөлүгү Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатына жолдомо берүүчү тандоо этабы болуп эсептелет.

