Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясы (ФИФА) ушул жайда өтө турган футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпионатында үч ачылыш аземин өткөрөт. Бул тууралуу The Athletic басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, турнирди кабыл алып жаткан ар бир өлкөдөгү биринчи оюндун алдында бирден салтанат өткөрүү пландалууда.
Дүйнө чемпионаты — 2026 АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Ар бир стадиондо жергиликтүү артисттер өнөр көрсөтөрү маалымдалды:
- АКШда — Кэти Перри;
- Канадада — Майкл Бубле;
- Мексикада — Mana тобу.
Турнирдин форматы:
Быйылкы Дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына 48 курама команда катышат.
Алар төрттөн командадан турган 12 топко бөлүнгөн.
Плей-офф баскычы 1/16 финалдан башталат. Ага ар бир топтон эң мыкты эки команда жана үчүнчү орунду алган эң жакшы көрсөткүчү бар сегиз команда жолдомо алат.

