Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясына катышууда. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.
Форум башталар алдында өлкө башчысын Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана БУУнун Калктуу конуштар боюнча программасынын (UN-Habitat) аткаруучу директору Анаклаудия Росбах тосуп алышты.
Андан соң тараптар саламдашып, биргелешип сүрөткө түшүштү. Кийин делегация башчылары форум өтө турган залга жөнөштү.

