Кытайда 18-майга караган түнү күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Эки адам каза болуп, төртөө ооруканага түштү, ошондой эле 13 имарат кыйрады. Бул тууралуу CCTV телеканалы билдирет.
Кытай Эл Республикасынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдук районунда болгон сейсмикалык активдүүлүктүн кесепетинен Лючжоу шаарынын 7 миңден ашык тургуну эвакуацияланды.
Темир жол бийлиги инфратүзүмдүн бүтүндүгүн текшерүү иштерине байланыштуу транспорттук каттамдарда үзгүлтүктөр болуп жатканын белгилейт. Ошол эле учурда, жабыркаган аймакта байланыш, электр энергиясы, суу, газ менен камсыздоо жана транспорт кыймылы кадимки режимде иштеп жатат.
Издөө-куткаруу иштери улантылууда.

