16:15
USD 87.45
EUR 101.73
RUB 1.19

Кыргызстандын маданият министринин жаңы орун басары дайындалды

Салкын Сарногоева Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге бүгүн Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин жаңы дайындалган башчысынын орун басарын эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тааныштырды.

Маданият министрлиги
Фото Маданият министрлиги. Кыргызстандын маданият министринин жаңы орун басары дайындалды

Бул кызматты буга чейин Марат Тагаев ээлеп келгени, ал кийинчерээк Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп дайындалганы белгиленет.

Салкын Сарногоева жаңы дайындоого чейин Маданият министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгын жетектеп келген. Ал 1974-жылдын 29-декабрында туулган. 2015-жылдын февралынан 2019-жылдын июлуна чейин Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген, ал эми 2019-жылдын 28-июнунда аталган департаменттин директору болуп дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-май, дүйшөмбү