16:19
USD 87.45
EUR 101.73
RUB 1.19

Кыргызстанда бийик тоолуу аймакта жашаган 29 миңге чукул бала жөлөк пул алат

Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата республика боюнча «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алуучулардын жалпы саны 28 миң 538 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жөлөк пул бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө макамга ээ айрым чек арага жакын калктуу конуштарда жашаган жарандарды (үй-бүлөлөрдү) мамлекеттик колдоо максатында дайындалат.

Бул жөлөк пул:

  • үчүнчү жана андан кийинки балдарга;
  • жөлөк пул алуучу 3 жашка чейинки баласы (балдары) менен чогуу жашаган шартта берилет.

Аталган жөлөк пулду дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси жана социалдык-экономикалык абалы эске алынбайт.

Мамлекеттик жөлөк пулду алуу үчүн жарандар жашаган жери боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылуусу зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-май, дүйшөмбү