16:15
USD 87.45
EUR 101.73
RUB 1.19

Камчыбек Ташиевдин иши боюнча биринчи отурум жабык эшик артында башталды

Бүгүн, 18-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала угуулар башталды.

Буга чейин Башкы прокуратура айыптоо актысын бекитип, иштин материалдарын сотко жөнөткөн.

Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, Камчыбек Ташиевге бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган. Бул иш боюнча аны менен бирге дагы бир нече адам өтүүдө.

Кылмыш ишине «Купуя» грифи коюлгандыктан, соттук отурумдар жабык тартипте өткөрүлөт. Сот жараянынын катышуучуларына тергөөнүн материалдарын жана териштирүүнүн чоо-жайын ачыктоого тыюу салынган.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин «75тин катында» айтылгандарга тиешеси бар-жогун тергөө жана сот аныкташы керектигин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-май, дүйшөмбү