12:09
USD 87.45
EUR 102.34
RUB 1.19

Чүйдө айыл чарба азыктары менен алдамчылык кылган шектүү жаран кармалды

Чүй облусунда милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү айыл чарба продукциясы менен алдамчылык кылууга шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун ИИБне С.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылып, К.Л. аттуу таанышына карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, 2023-жылдын ноябрь айынын башында ал кишиге 193 тонна жүгөрү өткөрүп берген. Алган продукциясы үчүн К.Л. 6 миң доллар жана 1 миллион 800 миң сом төлөп, бирок дагы 815 миң сом карыз болуп калган. Бир нече жолу талап кылганына карабастан, аталган сумма ушул күнгө чейин кайтарылган эмес.

Мындан тышкары, тергөө учурунда шектүү арыздануучунун ишенимине кирип, алдоо жолу менен жалпы салмагы 133 тонна, баасы 2 миллион 926 миң сомду түзгөн жүгөрүнүн дагы бир партиясын алып, ал үчүн да акча төлөбөгөнү аныкталган. Жабырлануучуга келтирилген жалпы материалдык чыгым 3 миллион 801 миң сомду түздү.

2026-жылдын 13-майында бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери 1977-жылы туулган К.Л. аттуу шектүүнү аныктап, кармашты. Ал КР Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын Чүй облусунун башка райондорунда ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.

Эгерде сиз аталган адамдын аракеттеринен жабыркаган болсоңуз, Чүй районунун ИИБне кайрылууну же төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранабыз: 0313 838289, 0702777408.

Эң көп окулган жаңылыктар