21:34
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Украинадагы согушта дагы бир тажикстандык каза болду

21-апрелде Тажикстандын Хатлон облусунун 27 жаштагы тургуну Файзулло Аброровдун сөөгү өз айылында жерге берилди.

Маркумдун атасы Асрор Аброров уулунун Украинадагы согушка катышып жүргөнүн белбегенин айтууда. «Акыркы жолу төрт ай мурда телефондо сүйлөшкөнбүз. Анда ал орус жарандыгы бар болгондуктан, согушка жөнөтүлүшү мүмкүн экенин, баш тартса түрмөгө камаларын айткан», — деди Аброров.

Ал уулу акыркы төрт жылдан бери Орусияда курулушта иштеп жүргөнүн кошумчалады.

Апрелдин ортосунда Орусиянын бийлик өкүлдөрү Файзуллонун туугандарына телефон чалып, согуштук аракеттердин жүрүшүндө ал бутунан жаракат алып, көп кан жоготкондуктан каза болуп калганын билдиришкен.

Маркумдун аты-жөнүн билдиргиси келбеген досторунун бири Файзулло акыркы бир жылдан бери түрмөдө отурганын, согушка өткөн жылы октябрда жөнөтүлгөнүн айтты.

Бүгүнкү күнгө карата Орусиянын түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлүп, ал жерде каза болгон тажик жарандарынын так саны белгисиз. Буга чейин «Озоди» радиосу орус абактарынан согушка кетип, ал жакта өлгөн 20га жакын тажикстандык тууралуу кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар