12:19
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Эрдоган: Путин АЭС ачылышына катышуу үчүн Түркияга келиши мүмкүн

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиядагы алгачкы атомдук электр станциясынын (АЭС) ачылышына катышуу үчүн 27-апрелде бул өлкөгө барышы мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

«Аккую» деп аталган Түркиядагы алгачкы АЭС Орусиянын мамлекеттик «Росатом» атомдук-энергетикалык компаниясы тарабынан курулууда.

«27-апрелде Путин келиши мүмкүн же онлайн-байланыш уюштурабыз», — деди Эрдоган ATV телеканалына берген маегинде.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Владимир Путинди жана Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген. Соттун версиясына ылайык, Путин менен Львова-Белова Украинанын оккупацияланган аймактарынан украин балдарын Орусияга мажбурлап чыгарып кетүүгө жооптуу.

Түркия Эл аралык кылмыш сотунун Рим статусун ратификация кылган 118 өлкөнүн катарында жок болгондуктан, юридикалык жактан орус президентин камакка алуу ордерин аткарууга милдеттүү эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар