20:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандын үч жараны Израилден чыгып кетүүгө жардам сурап кайрылды

Кыргызстандын үч жараны Израилден чыгып кетүү каалоосун билдиришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, аларды чыгаруу иши каралып жатат.

Маалыматта жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экени айтылат. Тышкы иштер министрлиги Израилде жүргөн 65 кыргызстандык бар экенин белгиледи.

Элчилик Кыргызстандын бардык жарандарын консулдук каттоого турууга чакырды. Муну онлайн да жасоого болот.

Байланыш телефондору (күнү-түнү): +90 5456896800 (элчилик), +972 533214916 (Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулунун кеңсеси).

Хамастын Израилге жасаган чабуулунан 1 миң 200 киши набыт болду. Газа секторунун саламаттыкты сактоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, 900 палестиналык каза тапты, алардын жарымына жакыны аялдар жана балдар, дагы 4 миң 500 киши жаракат алды. Иордан дарыясынын батыш жээгинде 21 палестиналык каза таап, ондогон адамдар жаракат алышты.

Израиль-Палестина жаңжалынын кезектеги курчушу 7-октябрда болду. Хамастын аскерлери Израилдин шаарларына массалык ракеталык сокку уруп, анын аймагына басып киришти. Тель-Авив согуш жарыялады.

Эң көп окулган жаңылыктар